Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнө 2020-жылдын 17-июлунда дайындалган шайлоо кворум жоктуктан болбой калды
17 июля 2020
17-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы Ибраимов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болууга эки талапкер: Бакыт Нажимидинович Алиев жана Жекшен уулу Максат катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан.
Ибраимов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин мандатынын саны 11ди түзөт. Айылдык өкмөттүн башчысын шайлоого 11 депутаттын ичинен болгону 4 депутат катышкан. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгү боюнча, эгер шайлоо кворум жоктуктан болбой калса, анда Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы календарлык үч күндүн ичинде кайра шайлоолорду дайындайт.
Бул учурда да шайлоо мурда катталган талапкерлер арасында өтөт.
