Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

17 июля 2020

2020-жылдын 17-июлунунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар  айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер: Аттокуров Турусбек Кудайбергенович, Осмонов Уланбек Келдибекович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Ак-Жар айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер У.К.Осмонов 10 добуш, талапкер Т.К.Аттокуров 1 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 добуш.

2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.