Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлүүдө

17 июля 2020

Бүгүн 2020-жылдын 17-июлунда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт.

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапакер - Аттокуров Турусбек Кудайбергенович, Касмалиев Жаныбай Алтымышович, Осмонов Уланбек Келдибекович айылдык кеңештин депутаттар тобунун тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.

Маалымат иретинде: Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 17-мартындагы №65/1-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК 2020-жылдын 26-июнундагы токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалган.

Коронавируз пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.

КР БШК 2020-жылдын 26- июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү                 17-июл аныкталган.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу  жергиликтүү айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.

Ак-Жар айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шайлоо Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясында ѳткѳрүлѳт.

БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Ат-Башы АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:

- шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган,

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.

- добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен денет абы ѳлчѳнѳт.

- алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген,

- шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.