Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды
15 июля 2020
2020-жылдын 15-июлунда Чуй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл окмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер - Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Джапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.
Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 21 депутатынан 19 депутаты катышты. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 15-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Н.Самтыров 12 добуш, талапкер Б.Бообеков 4 добуш алышкан. “Бардык талапкерге каршы” позициясына 3 депутат добуш берген.
2020-жылдын 15-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Самтыров Ногайбек Джапанбекович Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
