Мамырбаев Алымбек Бирназарович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
13 июля 2020
2020-жылдын 13-июлунунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.
Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапакер - Мамырбаев Алымбек Бирназарович, Айдаров Азамат Жекшенбаевич, Асанбеков Качкын Сапарович, Казиев Сарыгул Женишбекович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жана катталган.
Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Кош-Дөбө айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 13-июлундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер А.Б. Мамырбаев 7 добуш, талапкер А.Ж. Айдаров 1 добуш, талапкер К.С. Асанбеков 1 добуш, талапкер С.Ж. Казиев 1 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 1 депутат добуш берген.
2020-жылдын 13-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Мамырбаев Алымбек Бирназарович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
