Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды
13 июля 2020
Бүгүн 2020-жылдын 13-июлунда Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт.
Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапакер: Мамырбаев Алымбек Бирназарович, Айдаров Азамат Жекшенбаевич, Асанбеков Качкын Сапарович, Казиев Сарыгул Женишбекович айылдык кеңештин депутаттар тобунун тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жана катталган.
Маалымат иретинде: Кош-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 11-мартындагы № 157 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК 2020-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 6-апрелине дайындалган.
Коронавирус пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.
КР БШК 2020-жылдын 26 - июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 13-июл аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндѳн алар аякатаганга чейин он беш күндүк мѳѳнѳт калган.
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.
Кош-Дөбө айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
Шайлоо Кочкор аймактык шайлоо комиссиясында ѳткѳрүлѳт.
БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Кочкор АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:
- шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган,
- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.
- добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен денет абы ѳлчѳнѳт.
- алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген,
- шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.






