Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
07 июля 2020
Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясынын жетекчиси Б.Т. Медетбеков кол койгон кабарлама келип түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Рысбекова Айнагул Озубековнаны, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Бечелов Рысбек Токтосуновичти.дайындаган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
КР БШК маалымат бѳлүмү
