«Ак Калпак» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
07 июля 2020
«Ак Калпак» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Ак Калпак» саясий партиясынын жетекчиси У.К. Маматаев кол койгон кабарлама келип түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Жолоев Руслан Эмилбековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Мамбетказиева Гулзада Мурзабековнаны дайындаган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
КР БШК маалымат бѳлүмү
