«Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

06 июля 2020

«Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы» саясий партиясы
шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы» саясий  партиясынын жетекчиси Б.С. Кумаров кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Асанбеков Мелисбек Асанбековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл  катары Самакова Гулжан Жолдошбековнаны дайындаган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү