«Республика»  саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

06 июля 2020

«Республика» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Республика» саясий партиясынын жетекчиси М.К. Жеенчороев  кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Канатбек Мидин уулун, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл Тортаева Асел Алтынбековнаны дайындаган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү