Кыргызстан коммунисттеринин саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

06 июля 2020

Кыргызстан коммунисттеринин саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  Кыргызстан коммунисттеринин   саясий партиясынын жетекчиси И.А. Масалиев кол койгон кабарлама келип түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Базалея Николай Анатольевичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Cтаростина Лариса Александровнаны дайындаган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү