«Ордо» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

06 июля 2020

«Ордо» саясий партиясы
шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди

 

2020-жылдын 6-июлу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ  «Ордо» саясий  партиясынын жетекчиси М.И. Мияров кол койгон кабарлама келип түштү.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Арыков Тимур Дженишбекович, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл  катары Муктарбеков Санат Муктарбекович дайындалган.

 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана  шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү