Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча календардык планды бекитти
03 июля 2020
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча календардык планды бекитти.
Документ шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү этаптарын белгилейт.
Планга ылайык шайлоо участкаларын уюштуруу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү даярдоонунун биринчи этабы болуп саналат.
Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда 3 млн. 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы КР Жогорку Кеңешине мурдагы шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны 624 миң 240 адамга кѳбѳйгѳн.
Шайлоочулардын алдын ала тизмесинен ѳзүңдү текшерүү үчүн www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынан 2020-жылдын 16-июлунан тартып же тийиштүү шайлоо участкаларында 2020-жылдын 26-июлунан тартып кѳрсѳ болот.
Кандай гана каталар жана так эместиктер болбосун алар белгилүү болгондо, тизмеде жок болуп калган учурда, ошондой эле добуш берген күнү жүргѳн жери боюнча шайлоо участогун ѳзгѳртүү ниети болгондо шайлоочу 2020-жылдын 26-июлунан 20-сентябрына чейин участкалык шайлоо комиссиясына (1,2-формадагы) арыз менен (идентификациядан ѳтүү менен) же болбосо www.tizme.gov.kg порталында (авторлоштуруудан ѳтүү менен) шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук формада арыз менен кайрылууга укуктуу.
2020-жылдын 28-сентябрына чейин шайлоо участкаларында шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып, шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 2020-жылдын 4-сентябрына чейин жүргүзүлѳт.
Шайлоо алдындагы үгүт 2020-жылдын 4-сентябрынан тартып 3-октябрынын 8.00 саатына чейин ѳтѳт. Ушул эле мѳѳнѳттѳ партиялдарга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн акы тѳлѳнүүчү эфирдик убакыт жана үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участкаларында атайын орундар берилет, алардын үгүт жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугу камсыз кылынат.
Мында КР БШК ѳзүнүн www.shailoo.gov.kg сайтына бардык керектүү маалыматтарды жайгаштыруу менен ар бир шайлоочуга талапкерлердин тизмеси, партиялардын программалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле жерде шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтар илинет.
28-сентябрга чейин мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде Брайль тамгасында басылган шайлоо бюллетендери даярдалууга тийиш.
Добуш берүү үчүн жайлардан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана ѳткѳрүү добуш берүүгѳ 1 календардык күн калганда 2020-жылдын 3-октябрында саат 8.00дѳн 20.00 чейин жүргүзүлѳт.
2020-жылдын 4-октябрында саат 08.00дѳн 20.00 чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо дайындалган.
Шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ добуш берилгенден кийин 20 күндѳн кеч эмес, б.а. 2020-жылдын 25-октябрына чейин ишке ашырылууга тийиш.
