Бир катар жергиликтүү кеңештерде тизмедеги кийинки талапкерлер депутаттардын бош орундарына ээ болушту

03 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы отурумунда, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге бош мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө бир катар АШКнын чечимдерин бекитти.

 

Кара-Суу, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн, Кемин, Кадамжай, Кара-Буура, Сузак, Жалал-Абад жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын 14 жергиликтүү кеңешинин 16 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды. Алардын ичинен 10 депутат жеке арызынын негизинде, 5 – дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жана бир депутат соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу кызматтан кеткен.

 

Ошентип, төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган:

 

1. Набиев Абдыгапар Валиевич - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.

 

2. Медетов Калыс Самудинович - Чүй облусунун Кегети айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

3. Пиров Шухратжон Тургунбаевич - Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

4. Есаров Щерба Есарович - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кен-Булун айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.

 

5. Бейшебаев Каныбек Аскарбекович - Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

6. Гададов Нажмудин Абдулсалимович - Аламүдүн районунун Октябрь айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.

 

7. Анорбаев Абдирасил Мирзаевич - Аламүдүн районунун Васильевка айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.

 

8. Тагайбеков Алмазбек Мекенович - Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

9. Абдыраимова Айгүл Жеңишбековна - Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

10. Чуштуков Ильичбек Бахтиярович - Кемин шаардык кеңешинин “Кыргызстан” депутаттык фракциясынан, жеке арызынын негизинде.

 

11. Досматов Жусували Ташполотович - Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинен, дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу.

 

12. Ниязалиева Алима Бакузевна - Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

13. Супатаев Мундузбай - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Көл айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

14. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич - Жалал-Абад шаардык кеңешинин "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан, жеке арызынын негизинде.

 

15. Журсункожоев Ашырбек Журсункожоевич - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинен, соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу.

 

16. Иманкасымов Акылбек Керимкулович - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинен, жеке арызынын негизинде.

 

БШК ошондой эле АШКнын үч талапкеринин жеке арызына ылайык катталган депутаттардын тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитти: Джанызаков Азамат Шекербекович - Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинен, Акматов Асылбек Маратович - Чүй районунун Ибраимов айылдык кеңешинен, Метеров Асылбек - Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинен.

 

Түзүлгөн бош мандаттар шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди. Ошентип, шайланган депутаттар:

 

1. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылдык кеңешинде - Нурмаматов Шергазы Замирбекович, убактылуу иштебейт.

 

2. Чүй районунун Кегети айылдык кеңешинде - Ибраимов Русланбек Уметбекович, Токмок суу каналынын инженери.

 

3. Чүй районунун Ибраимов айылдык кеңешинде - Бережнев Игорь Михайлович, убактылуу иштебейт.

 

4. Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинде - Душабаев Джума Турдубаевич, дыйкан.

 

5. Ысык-Ата районунун Кен-Булун айылдык кеңешинде - Дикарахунов Мухамед, «Сюдмииш» ЖЧКнын директору.

 

6. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинде - Чипенко Чинара Ашмакуновна, убактылуу иштебейт.

 

7. Аламүдүн районунун Октябрь айылдык кеңешинде - Халилов Зайнал Абдулмежитович, убактылуу иштебейт.

 

8. Аламүдүн районунун Васильевка айылдык кеңешинде - Абдыкеримов Нурбек Токтосунович, жеке ишкер.

 

9. Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинде - Калчаев Мирбек Авланбекович, дыйкан.

 

10. Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинде - Мусапырова Нургүл Эсенгуловна, дыйкан.

 

11. Кемин шаардык кеңешинде - Мелисов Урмат Мелисович, "Кыргызстан" саясий партиясынан, "Мол-Булак" МККсынын менеджери.

 

12. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинде - Маматов Парпи Эшдоолотович, пенсионер.

 

13. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Көл айылдык кеңешинде - Абдурасулов ​​Аскербек Сатыевич, убактылуу иштебейт.

 

14. Жалал-Абад шаардык кеңешинде - Орозбаев Нуртилек Орозбаевич, “Ата-Журт” саясий партиясынан, жеке ишкер.

 

15. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинде - Саткынбек уулу Элмир, жеке ишкер.

 

16. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешинде - Койчуманов Рысбек Күнболотович, жеке ишкер.