Токмок АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

03 июля 2020

Токмок АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы отурумунда Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

 

Ошентип, үй-бүлөлүк жагдайлары көрсөтүлгөн жеке арыздарынын негизинде, Шимарова Эльвира Касымалиевна («Эл Аман» саясий партиясы) – Токмок АШКсынын курамынан, Орозов Бактыяр Мырзакайымович («Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы) – Токмок АШКсынын резервинен чыгарылды.

 

АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Людмила Алексеевна Коркина киргизилди, анткени Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде саясий партиялардан талапкерлер жок.