БШК Арал жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
03 июля 2020
БШК Арал жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 3-июлдагы отурумунда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлуна жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Шайлоо саат 9:00дон 12:00го чейин өтөт.
2020-жылдын 30-июнунда Түп районунда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өткөн, бирок жергиликтүү кеңештин 11 депутатынын 6 мүчөсү "баардык талапкерлерге каршы" позициясына добуш бергендигине байланыштуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланган жок. Ошентип, эки талапкердин бири да жетиштүү добуш топтой алган эмес. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добуштары "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгенде, шайлоо кайталап өткөрүлөт.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 22-июлунда саат 9:00дон 12:00го чейин белгиленди.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекеттик администрациянын башчысы - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акиминин буйругу менен айылдык кеңештин депутаттарынын ишенимсиздигинин негизинде бошотулган.
Түп жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын уюштуруу жана камсыз кылуу жүктөлөт:
- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири-биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол каптарды берүү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.
