2020–жылы 3-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби
03 июля 2020
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 3- июль2020-ж.
Убактысы: 14 :00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнү жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун текстин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндө
(баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн, Кемин, Кадамжай, Кара-Буура, Сузак Жалал-Абад жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл Өзгөруш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер
