Арал айыл ѳкмѳтүндѳ ЖӨАБ аткаруу органынын башчысын кайра шайлоо дайындалат

30 июня 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 30-июнунунда,  Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы  Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер - мамлекеттик администрациянын башчысы - аким тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Чоркозов Эрлан Акматович жана  айылдык кеңештин дептутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  Курманов Иманбек Карыбаевич катталган.

Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Арал айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты.  Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча  талапкер Э.А. Чоркозов 5 добуш, талапкер И.К. Курманов  0 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 6 депутат добуш беришкен.

Натыйжада  шайлоодо Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланган жок. Ушуга байланыштуу «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ»  КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалат.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланбай калган күндѳн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.

Кайра шайлоо жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо дайындалган күндѳн тартып 15 календардык күндѳн кеч эмес аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ѳткѳрүлѳт.