Боршайкомдун отурумдары мындан ары онлайн өтөт

27 июня 2020

26-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда КРнын БШКнын Регламентине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Чечимге ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму мындан ары видеоконференция байланышын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. БШК мүчөсү видеоконференция байланышы аркылуу отурумда катышуусу эсептелинип, онлайн добушун бере алат. Эгерде тиешелүү отурумдун күн тартибинде жашыруун добуш берүү өткөрүлө турган маселе жана (же) добуш берүүнүн жыйынтыктары, протоколдорго, шайлоонун жыйынтыктары, референдум жана жыйынтыктоочу таблицаларга кол коюлса, видеоконференция байланышын колдонууга болбойт.

Мындан тышкары, өзгөртүлгөн регламентке ылайык, отурум башталганга чейин БШКнын мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды каттоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгын Комиссиянын төрагасы отурумдун ачылышына чейин жарыялайт.

Ошондой эле, БШКнын Регламентинин 27-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары, карап чыгуу үчүн документтердин долбоорлору БШКнын мүчөлөрүнө, эреже боюнча, отурум күнүнө чейин бир күн калгандан кечиктирилбестен берилет (мурда – чейин үч күн). Шайлоо жана референдум өнөктүктөрү учурунда документтер отурум өткөрүлө турган күнү берилиши мүмкүн.

КР БШК маалымат бөлүмү