БШК шайлоолорду каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган бир катар жоболорду кабыл алды

27 июня 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик боюджет сыяктуу эле шайлоого катышкан партиялардын шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгын, шайлоону каржылоонун айкындыгын камсыз кылууга багытталган нормативдик актыларды кабыл алды.

Кабыл алынган жоболор пландаштыруунун стандарттарынан жана шайлоо боюнча мамбюджеттин отчеттуулугунан тышкары  саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкѳн акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын  ачууну, шайлоо кампаниясынын мезгилинде саясий партиялардын чыгашалрынын ачыктыгын  карайт.

БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси, БШК мүчѳсү Г. Баатырова  сунуш кылынган  нормативдик акты БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу тарбынан 2018-2020-жылдарга шайлоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясына ылайык иштелип чыккандыгын белгиледи.

Алсак, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттрын шайлоону ѳткѳрүүдѳ саясий партиялардын акча каражаттарын түзүүнүн, келип түшүүсүн эсепке алуунун жана чыгымдалышынын тартиби жѳнүндѳ” жобо бекитилди. Анда атайын эсептерди ачуунун тартиби, шайлоо фонддорун түзүүнүн, фонддун каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын, жарандык жана юридикалык жактар менен эсептешүүнүн, шайлоо күрѳѳсүн киргизүүнүн, отчеттулук жана кѳзѳмѳлдѳѳ эрежелери белгиленген.

Шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ партиялардын отчеттуулугунун формасы иштелип чыккан, ага ылайык партиялар жѳнүндѳ жарандарды маалдымдоону кеңейтүү максатында  БШКнын сайтында  шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын кыймылы жѳнүндѳ жума сайын тѳмѳндѳгүдѳй маалыматтар жарыяланып турат:

  • фондго келип түшүү булактары боюнча – партиянын фондуна качан, ким жана канча каражат которгон,
  • чыгашалар боюнча: товарлар жана кызмат кѳрсѳтүүлѳр үчүн качан, кимге жана канча которулган.

       Мындан тышкары, шайлоо мезгилинде шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы жѳнүндѳ жыйынды отчетторду жарыялоо белгиленген. Кѳрсѳтүлгѳн маалыматтарды жарыялоо жеке маалыматтарды жана банк сырын коргоо жѳнүндѳ мыйзамдардынын тапатарын эске алуу менен ишке ашырылат.

        Жакында эле кабыл алынган “Саясий партиялар жѳнүндѳ” мыйзамда партиянын жана БШКнын сайттарында саясий партиялардын ар жылкы финансылык отчетторун жарыялоо тууралуу норма камтылганын белгилѳѳ зарыл.

       Маалымат иретинде: конституциялык мыйзамга ылайык шайлоо кампаниясын каржылооунун булагы тѳмѳндѳгүлѳр болушу мүмкүн экендиги белгиленген:

  • эсептик көрсөткүчтөн 15000 (1,5 млн.) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өз каражаттарынан;
  • эсептик көрсөткүчтөн 1000000 (100млн.) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
  • өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 (200 миң) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
  • өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 (3 млн.) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес, бул 300 млн. сомду түзѳт.

        Мында Жободо тѳмѳндѳгүлѳрдѳн кайрымдуулук кѳрсѳтүүүгѳ тыюу салынат:

      -чет мамлекеттерден, эл арлык уюмдардан, жарандыгы жок адамдардан, мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынан, уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан, юридикалык жактардан.

      Ошондой эле атын атабаган кайрымдуулукка тыюу салынат (атын атабаган кайрымдуулук деп жаран мына бул маалыматтардан бирин  кѳрсѳтпѳгѳн учур кирет: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган дарегин, паспорттук маалыматтарын, же ѳзү жѳнүндѳ анык эмес маалыматтарды кѳрсѳткѳнү).

        2.“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби  жѳнүндѳ” жобо шайлоо комиссияларынын системасын үч деңгээлде уюштуруу процесси катары шайлоолорду каржылооунун ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды пландаштыруунун жана пайдалануунун ачык-айкындаган камсыз кылуу макстында кабыл алынган.

       Жобо шайлоо жана бюджеттик мыйзамдарга киргизилген ѳзгѳртүүлѳрдүн негизинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасы үч деңгээлдик шайлоо системасына: Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комисияларына ээ.

         АШК жана УШКнын чыгашаларынын корголгон беренелери боюнча акча каражаттарын АШКга берүү тѳмѳн турган комиссияларды каржылоого жаңы мамиле болуп саналат.

         Тѳмѳн турган шайлоо комиссияларынын  чыгашаларынын башка беренелери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 25-беренеснинин негизинде  борборлоштурулган тартипте Борбордук шайлоо комиссясы тарабынан тѳлѳнүшү мүмкүн, мыйзамда тѳмѳндѳгүлѳр белгиленген:

«Шайлоо комиссиялары акча каражаттарын чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде шайлоо, референдумду өткөрүүгө чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат».

Чыгашалардын сметасы Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан стандарттардын (нормалардын, коэффиценттердин, лимиттердин, ставкалардын, стандарттык тадап алуулардын)  негизинде иштелип чыгат, алар шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча иштерди/кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү уюштуруу үчүн иштелип чыгат, алар боюнча араркеттер, жабдууларды, материалдарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү тандап алуулар улам биринен экинчисине кайталанып,  системалык мүнѳзгѳ ээ.

Жобо шайлоо комиссиялары тарабынан бухгалтердик эсептерди жүргүзүүнүн жол-жоболорун, финансылык отчетторду түзүүнү тартибин жана мѳѳнѳттѳрүн, ар бир деңгээлде ишке ашырылган бюджеттик кражаттардын чыгымдалышын кѳзѳмѳлдѳѳнү, мамлекеттик сатып алууларды борборлоштурган тартипте жүргүзүүнү баяндайт.

3. 2018-2020-жылдарга шайлоолор жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын ишке ашырууда КР БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун иши жѳнүндѳ жобо да толукталып иштелип чыкты, ага шайлоо мезгилинде партиялардын шайлоо фонддорун текшерүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ КР БШК КТТ отчетторун жарыялоо тууралуу норма киргизилген.

КТТ жетекчиси Г.М. Баатырова  кабыл алынган чечимдердин негизинде шайлоолорду каржылоонун, отчеттордун формаларын толтуруунун (анын ичинде электрондук), шайлоо процесстеринин ачык-айкындыгы максатында каражаттардын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын жаңы эрежелерин саясий партиялардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнѳ окутууну ѳткѳрүү милдети турарын белгиледи.

Ошондой эле саясий партиялардын шайлоо кампанияларын каржылоосу жана бюджеттен каржылоо боюнча шайлоочулар, коммерциялык эмес уюмдар, ЖМК ѳкүлдѳрү үчүн маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳт.

КР  БШК  маалымат бѳлүмү