БШКнын имаратында аппараттын кызматкеринен чыккан COVID-19га тестин оң натыйжасына байланыштуу дезинфекция жүргүзүлдү
22 июня 2020
Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында 22-июнь күнү бир кызматкерден чыккан COVID-19га тестин оң натыйжасына байланыштуу дезинфекция жүргүзүлдү. Бардык кабинеттер, залдар жана жалпы пайдалануучу орун жайлар иштетилүүдѳн ѳткѳрүлдү.
Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл борбору тарабынан БШК аппаратынын кызматкерлерин тестирлѳѳ уюштурулду. Түздѳн-түз кѳзѳмѳлгѳ алынуучу адамдар ѳзүн изоляциялоо режиминде болот. Кѳпчүлүк кызматкерлер кайрадан үйүндѳ иштѳѳ режимине ѳткѳрүлдү.
Республикалык штабдын сунуштамасы боюнча БШКнын имаратында санитардык жана коргоо чаралары күчтѳндүрүлдү.
