КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Бейшеналы Нурдиновго өткөрүп берди

09 июня 2020

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Бейшенаалы Нурдинов КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө токтом 9-июнда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында кабыл алынды.

Б. Нурдинов КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.