Бир катар жергиликтүү кеңештерде бош депутаттык орундарды тизме боюнча кийинки талапкерлер ээледи
09 июня 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-июнда жыйналышында бир катар АШКлардын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жергиликтүү кеңештердин 7 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Алардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Маселен, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Эсеналиев Максатбек Эсеналиевичтин мандаты кийинки талапкер – фермер Жусупов Акылбек Маматякутовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Каратаев Улукбек Шаршенкуловичтин мандаты кийинки талапкер – убактылуу иштебеген Эралы уулу Урматбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айылдык кеңешинде ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутат Асаналиев Жекшенбай Үсөнгариевичтин мандаты кийинки талапкер – жеке ишкер Байбосунов Сыртбай Догдурбаевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинде өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Жолболдуев Турдахун Камчиевичтин (“Мекеним Кыргызстан” фракциясы) мандаты “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде жетинчи болуп турган жеке ишкер Мадаминов Улугбек Сайпидиновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинде ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутат Абдырахманов Шамшидин Мирпазыловичтин (“Мекеним Кыргызстан” фракциясы) мандаты “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде он биринчи болуп турган “Финка банктын” кассири Абдырахманов Асилбек Мирпазыловичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Сулайманов Абдумомун Эшматовичтин мандаты кийинки талапкер – врач-педиатр Батыров Пахриддин Аккуловичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Акбаров Маданбек Мухтаровичтин мандаты кийинки талапкер – окутуучу Мадаминов Исламбек Гапыровичке өткөрүп берилди.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу токтом кылынды.
Ошондой эле БШК Ормошев Азамат Абдрасуловичти өз арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө АШК чечимин бекитти.
