Бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бошогон орундарын талапкерлердин тизмесинде кийинки тургандар ээлешти

26 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-майындагы жыйынында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки турган талапкерлерге берүү жѳнүндѳ бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын  чечимдерин бекитти.

Жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ Араван, Ноокат, Ысык-Кѳл, Кемин жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Алардын күбѳлүктѳрү анык эмес деп таанылды.

Жергиликтүү кеңештердин депуттарынын бошогон мандаттары шайланган депутаттардан кийинки турган талапкерге берилди.

Алсак, Ош облусунун Араван районунудагы Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон  Баймурзаев Дилмурат Кулмурзаевичтин депутаттык мандаты Абдусабиров Илхамжан Канахатовичке ѳткѳрүлүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунудагы Исанов  айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон  Абдыкеримов Абытайыр Шамшиевичтин депутаттык мандаты Атиев Маматразак Абдурахмановичке ѳткѳрүлүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунудагы Зулпуев  айылдык кеңешинде каза болгондугуна  байланыштуу ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган  Абдураимова Анархан Манасовнанын депутаттык мандаты Жороев Жармамат Калматовичке ѳткѳрүлүп берилди.

Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районундагы Кумбел  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде  ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган Семеев Ызат Куламбековичтин депутаттык мандаты Айбашев Таалайбек Шайырбековичке ѳткѳрүлүп берилди.

Чүй облусунун Кемин районундагы Дүйшеев айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган  Мажитова Алиман Мелисовнанын депутаттык мандаты Калбаев Мирлан Курманкалиевичке ѳткѳрүлүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган Чимканаев Дамирбектин депутаттык мандаты Сеитов Алмазбек Абдураимовичке ѳткѳрүлүп берилди.

Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайланган дептуттарды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү жана тѳш белгилерди тапршыруу  тотому кабыл алында.