КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Жоробаев Жаныбек Суюнбаевичке ѳткѳрүп берди

13 мая 2020

“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин кийинки тизмесинде турган Жоробаев Жаныбек Суюнбаевич Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылды.

Жогорку Кеңештин депутатынын бошогон мандатын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому БШКнын 13-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Ж.Жоробаев КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк жана тѳш белги берилди.