КР БШКнын жамааты Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен ардагерлерди, ооруктагы эмгекчилерди жана баардык кыргызстандыктарды куттуктайт

08 мая 2020

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери!  Кадырлуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрѳктѳн куттуктайт.

Фронттогу ардагерлердин, ооруктагы эмгекчилердин, ошондой эле бүлүнүп, кыйроого учураган ѳлкѳбүздү калыбына келтиргендердин баарынын күжүрмѳн эрдиги менен мына биз 75 жылдан бери бейкут асмандын алдында, шаарларды куруп, балдарды чоңойтуп, бейкапар эмгектенип жатабыз. Муундар аламашат, бирок Сиздердин эрдигиңиздер, майтарылбас баатырдыгыңыз үчүн кийинки муундун таазим этүүсү улам жаңы мааниге ээ боло берет.

Мекенди коргоодо, жалпы Жеңишке жетишүүдѳ боордош элдер менен бир катарды турган Кыргызстандын элинин салымы зор. Жүз миңдеген биздин жердештер фронтто баатырдык менен кармашып, оорукта адам чыдагыс кыйынчылыктарды баштан кечирип, ѳздѳрүнүн атуулдук милдеттин ар-намыс менен аткарышты жана ата журтка берилүүнүн нукура үлгүсүн кѳрсѳтүштү. Алардын баарын эсте тутуу, улуу Жеңиште жетишилген тынчтыкты бекем сактоо – биздин ыйык парзыбыз.

 

Кадырлуу мекендештер, урматтуу ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери!

КР БШК Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, урмат-сый каалайт, ар бир жаңы күн жалпыбызга бейкутчулуктун, жакшылыктын күнү болсун!