БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27 жылдыгы менен куттуктайт

05 мая 2020

Урматтуу мекендештер!

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27 жылдыгы менен куттуктайм.

1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты бекемдеп, адам укуктарын жана эркиндигин Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулугу катары таанып, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекетти куруунун негизин түзүп, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду аткарат.

Конституция Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп саналарын жана өз бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз  шайлоодо жана референдумда, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын тутуму аркылуу ишке ашыра турганын белгилеп, элдик бийликтин жана эл бийлигинин үстөмдүгүнүн маанилүү принцибин аныктады.

Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамы, ошондой эле шайлоо эркин болуп саналган жана жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлүүчү демократиялык шайлоо тутумунун негизин белгиледи. Конституцияда билдирилген саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жана жарандык коомду өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү болду.

Шайлоо реформасынын алкагында көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды камсыздоого өбөлгө түздү.

БШК Конституциянын ченемдерин ишке ашыруу жана жарандардын шайлоо укуктарын мындан ары өркүндөтүү үчүн баардык күч-аракеттерин жасайт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Биздин жалпы жарандык парзыбыз – Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди аздектөө жана сактоо, алардын негизинде демократиялык укуктук мамлекет куруу, гүлдөп-өнүгүүнүн жана прогресстин негизи катары элдин биримдигин жана ынтымагын чыңдоо.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык, ынтымак жана изги ишиңиздерге ийгилик, ошондой эле Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн жемиштүү мээнет каалайм!

Урматтоо менен,

КР БШКнын Төрагасы                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА