Д.И.Ирсалиев КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин чыгарылды
09 апреля 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүн, 9-апрелде, болуп ѳткѳн жыйынында “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Ирсалиев Дуйшен Исмаиловичти чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, “КСДП” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу Д.И. Ирсалиевдин Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкѳн арызынын негизинде кабыл алынган.
КР БШК маалымат бѳлүмү
