Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду
09 апреля 2020
Бүгүн 9-апрелде КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декбарындагы ѳкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаев 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бѳлүгүндѳ каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнѳѳлүү деп табылган.
2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын ѳкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевге карата 2019-жылдын 6-декабрындагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун күнѳѳ коюу ѳкүмү айрым ѳзгѳртүүлѳр менен күчүндѳ калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 420-беренесине ылайык апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы, ѳкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнѳ кирет.
2020-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевге карата Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын ѳкүмү мыйзамдуу түрдѳ күчүнѳ кирген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинде, «Кыргыз Республикасынын Президентинжана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттырын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун күнѳѳ коюу ѳкүмү мыйзамдуу күчүнѳ кирген учурдан тартып мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулатургандыгы белгиленген. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.
КР БШК маалымат бѳлүмү
