Шайлоолор. Апрель-2020: Коопсуздук Кеңешинде ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтото туруу жѳнүндѳ чечим талкууланды жана кабыл алынды

21 марта 2020

Шайлоолор. Апрель-2020: Коопсуздук кеңешинде ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтото туруу жѳнүндѳ чечим талкууланды жана кабыл алынды.

 

         Бүгүн, 21-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тѳрагалыгында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмѳттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн, Бишкек шаарынын мэринин  катышуусунда Коопсуздук кеңешинин тар курмадагы кезектеги жыйыны болуп ѳттү.

         Коопсуздук кеңештин жыйынынын жүрүшүндѳ 2020-жылдын 12-апрелинде белгиленген айрым жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордун датасын жылдыруу жѳнүндѳ чечим кабыл алынды.     

Жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Жалал-Абад, Ош областтарынын 5 шаардык жана 25 айылдык кеңештеринин жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалгандыгы тууралуу маалымдалды.

Азыркы шайлоо процесси 342 245 шайлоочуну жана шаардык жана айылдык кеңештердин 4 миңден ашык талапкерлерин ѳзүнѳ камтыйт.

Бүгүнкү күндѳ шаардык кеңештерге шайлоолорго катышуу үчүн  каттоо аяктады, 22 саясий партия үч миңден ашык талапкерлерди кѳрсѳтүү менен  50 тизмени сунушташты. 22-мартта айылдык кеңештерге кѳрсѳтүлгѳн 980 талапкерлерди каттоо аяктайт.

Шайлоолордун графиги боюнча кийинки этап үгүт жүргүзүү мезгили жана добуш берүү күнү болуп саналат, булар шайлоонун эң активдүү учуру жана шайлоочулар менен талапкерлердин ѳз ара алакасынын эң активдүү процесси  экени белгилүү.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-мартта баардык шайлоо участкаларында  жана үгүт жүргүзүү учурунда  жарандардын санитардык-эпидемиолгиялык  коопсуздугу боюнча чаралар жѳнүндѳ чечим кабыл алды. Партиялар менен талапкерлерге үгүт иштеринде басма сѳз, аудиокѳрсѳтүү, интернет, социалдык тармактарга басым жасоо менен массалык жолугушуулар боюнча чектѳѳнү сунуш кылды.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы  ѳз тарбынан партиялар жана талапкерлер жѳнүндѳ http://talapker.shailoo.gov.kg/ маалыматтык интернет-ресурстарын ачты, жарандар үчүн аралыктан башка маалыматтык каналдарды түзүүнүн үстүндѳ иштѳѳдѳ.

Өкмѳттүк штаб менен ѳз ара аркеттенүү аркылуу жарандар үчүн шайлоо участкаларында зарыл коргоочу иштерди жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алууда.

Бирок коронавирус инфекциясы кырдаалында Кыргызстанда каттоо жүргүзүү шартында шайлоолорду улантуу кѳпчүлүк шайлоо иш-чаралары массалык мүнѳздѳ болгондугунун улам жарандардын ден- соолугу жана жашоо-турмушу үчүн баарыдан мурда олуттуу кооптуулукту жаратышы мүмкүн.

Азыркы шайлоо процесси 342 245 шайлоочуну жана шаардык жана айылдык кеңештердин 4 миңден ашык талапкерлерин ѳзүнѳ камтыйт.

Түзүлгѳн кырдаал ошондой эле талапкерлердин жана шайлоочулардын укуктарын толук жүзѳгѳ ашыруу, үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоочулардын келүү коркунучу, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн иштеши ѳңдүү кѳз караштан алганда шайлоолорду толук кандуу форматта ѳткѳрүүнү кыйындатат. Заманбап логистикалык жана ыкчам иш-чараларды ѳткѳрүүнү камсыз кылуу татаалдашып жатат.

Өлкѳдѳ эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин добуш берүү күнүн жана шайлоолорго байланышкан иш-чараларды жылдыруу жѳнүндѳ БШКга Каракол, Токмок, Балыкчы шаарларындагы партиялардан кайрылуулар келип түшүүдѳ. Бул маселе боюнча ѳздѳрүнүн тынчсыздануусун жана ушундай эле сунуштарды парламентте Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарында коомчулук жана интернет айдыңы билдиришүүдѳ.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, жарандардын ѳмүрүн жана ден-соолугун коргоону камсыз кылуу  максатында Борбордук шайлоо комиссиясы эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду токтото туруу маселесин  Коопсуздук Кеңештин талкуусуна киргизди.

Талкуулангандан кийин Коопсуздук Кеңеши тийиштүү чечим кабыл алды.

 

КР БШКнын маалымат бѳлүмү