Ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ билдирет
19 марта 2020
КР БШКнын ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобу айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ билдирет.
ОШ шаарынын ИИБси «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан талапкер А.Карамбековду колдоо үчүн белгисиз адамдар тарабынан Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдордун студеттерине 1000 сомдон акча таркатуу аракети жѳнүндѳ билдирүү боюнча ЖК 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча башталган сотко чейинки ѳндүрүш боюнча териштирүүнү баштады.
Токмок шаардык ИИБ жаран М.У. арызы боюнча «Биримдик» саясий партиясынын штабында аны уруп-сабоо фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖжК 266-беренесинде каралган жоруктун белгилери боюнча №03-011-2020-000624 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүүнү улантууда. Азыркы учурда тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүүдѳ.
Токмок шаардык ИИБ маалыматы боюнча, «Токмоксууканал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине басым жасоо фактысына тийиштүү «КактусМедиа» МАнын 2020-жылдын 13-мартындагы маалыматы боюнча КР ЖК 191-беренесинде каралган кылмыш белгилери (шайлоо укугун ишке ашырууга бѳгѳт болуу) боюнча №03-011-2020-000676 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүү улантылууда. Териштирүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ кошумча билдирилет.
Ысык-Кѳл облусунун ИИБсы тарабынан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыка талапкер А.Ж. арызы боюнча, ошондой эле Ысык-Кѳл облусунун Каракол шаарында 2 миң сомдук белгидеги купюр салынган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын символикасы бар конверттерди таркатуу фактысына тийиштүү «Акипресс» МАнын маалыматы боюнча КР Жазык кодексинин 225-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча №03-016-2020-000502 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүү башталды. Тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүүдѳ, териштирүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ кошумча билдирилет.
