БШКда жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарлардын жарандарын массалык каттоого алуу маселеси боюнча ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топтун (ЫРЖКТ) жыйыны ѳттү

19 марта 2020

БШКда 2020-жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарлардын жарандарын массалык каттоого алуу маселеси боюнча шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ѳкүлдѳрүнѳн турган ыкчам реакция жасоо   боюнча координациялык топтун (ЫРЖКТ) жыйыны ѳттү.

         Жыйында УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана МККнын ѳкүлдѳрү шаарларда массалык каттоого алуу  белгилүү болгон учурдан тартып бүгүнкү күнгѳ чейинки мезгилде аткарылган иштер тууралуу отчет беришти.

         МККнын тѳрагасынын орун басары Урмат Кожомбердиев ведомствонун комиссиясы тарабынан текшерүү жүргүзүлгѳндүгүн белгиледи, анын натыйжасында аймактык бѳлүмдѳрдүн кызматкерлери тарабынан жарандарды каттоодо бир катар бузуулар болгондугу ачыкка чыкты.

            «Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча укуктук баа  берүү үчүн Алай районунун жарандык абалдын актыларын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бѳлүмүнүн (ЖААЖПКК) башчысына карата материалдарды укук коргоо органдарына жѳнѳтүү жѳнүндѳ; Токмок шаарынын, Аламүдүн районунун, Ош шаарынын, Ысык-Кѳл облусунун Түп районунун, Ош облусунун Араван районунун жана Каракол шаарынын ЖААЖПКК башчыларынын жоопкерчилигин кароо жѳнүндѳ; аймактык бѳлүмдѳрдүн ЖААЖПККсынын  жана КТКнын 44 кызматкерине карата тартиптик жаза чараларын кѳрүү тууралуу корутунду кабыл алынды» - деп белгиледи ал.

Кожомбердиев ошондой эле МККнын жана калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаментинин (ККЖААД) тартиптик комиссияларынын жыйыны болгондугун, анын жыйынтыгы боюнча Кызматтын жана ККЖААДнын Кызматтын кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган тийиштүү буйруктар чыгарыла тургандыгын баяндады.

«Ошону менен бирге биометрикалык маалыматтар аркылуу: «АСБ» АИСтин толуктап иштеп чыккандары боюнча, аймактар аралык принциби боюнча даректерди каттоону жокко чыгаруу боюнча даректик каттоону жүргүзүү жѳнүндѳ маселе иштелип чыгууда. Ошондой эле «Ички миграция жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү, тактап айтканда «жалган каттоо» түшүнүгүн киргизүү тууралуу маселе иштелип жатат» - деп жыйынтыктады ал.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын начальниги Гүлнара Акимбаева МККнын калкты каттоо жана жарандык абалдын актысы бѳлүмүнѳ текшерүү жүргүзүлгѳндүгүн билдирди.

«Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын ЖААЖПККсына текшерүү жүргүзүлгѳн, анын жүрүшүндѳ мыйзамда каралган үй ээлеринин макулдугусуз жана зарыл документтери жок  бир дарекке 1311жарандан ашыкты, ал эми дагы бир дарекке 927 жарандан ашыкты, бардыгы болуп 4600 жаранды каттоо  болгондугу ачыкка чыккан. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 2020-жылдын 19-февралында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жыйналган материалдар КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык ЕРППда катталган жана тергѳѳ араркеттерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын ИИБсына берилген,» - деп билдирди.

Мындан тышкары, Ысык-Кѳл облусуттук прокуратурасы тарабынан Каракол жана Балыкчы шаарларынын, ошондой эле Түп районунун ЖААЖПККсына текшерүү жүргүзүлгѳн, текшерүүдѳ К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин окуу корпусунун дареги боюнча ошол окуу жайынын  ректорунун арызынын негизинде окуу жайынын студенттерин каттоо бѳлүмүнѳ 166 жаран катталган, алар чын-чынында аталган даректе жашашпайт.

Ошондой эле турак-жай ээсинин макулдугусуз, ошондой эле мындай каттоо үчүн мыйзамда каралган документтердин тизмегин эсепке албай туруп Каракол жана Балыкчы шаарларынын  башка даректерине  2599 жаранды каттоо фактысы белгилүү болгон. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча 2020-жылдын 19 жана 25-февралында Ысык-Кѳл облусутук прокуратурасы тарабынан жыйналган материалдар КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык (кызмат абалын кыянатчылык менен пайдалануу) ЕРППда катталган жана  сотко чейинки ѳндүрүш Ысык-Кѳл облусу боюнча КРӨ караштуу ЭКККМК ТКга  ѳткѳрүлүп берилген.

Ошону менен бирге Акимбаевдин маалыматы боюнча, ушундай эле бузуулар Кемин жана Аламүдүн райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын  ЖААЖПККсынын каттоо боюнча айрым кызмат адамдары тарабынан жасалгандыгы белгилүү болгон, алар мыйзамда каралган тартипти жана зарыл документтерди бузуу менен 2171 жаранды катташкан.

 2020-жылдын 22-февралында Кемин жана Аламүдүн райондорунун, Токмок шаарынын  прокуратурасы тарабынан каттоо кызматтарынын айрым кызматкерлери тарабынан бузуулардын аталган фактылары КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык (кызмат абалын кыянатчылык менен пайдалануу) ЕРППда катталган жана  сотко чейинки ѳндүрүш башталган, тергѳѳ чараларын уюштуруу Чүй облусу боюнча КРӨ караштуу ЭКККМК ТКга  тапшырылган.

«Азыркы учурда жогоруда кѳрсѳтүлгѳн 6 сотко чейинки ѳндүрүштүн алкагында тийиштүү ЖААЖПКК кызмат адамдарына, ошондой эле турак жайлардын ээлерине жана ошол жерде катталгандарга сурак жүргүзүлүүдѳ. Мындан тышкары, тергѳѳ органдары тарабынан сот органдарына сунуштама киргизилип, каттоо үчүн негиз болгон документтерди камакка алуу жүргүзүлүүдѳ» - деп баяндады Башкы прокуратурасынын ѳкүлү.

ИИМдин ѳкүлү азыркы учурда Ош шаарынын ИИБси «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы тарабынан акча таркатуу аркеттери жѳнүндѳ билдирүү боюнча КР ЖК 320-беренесинин кылмыш белгилери  (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  боюнча сотко чейинки ѳндүрүштѳ тергѳѳ башталгандыгын белгиледи.

КР БШК тарабынан алдын ала тизмени (2020-жылдын 13-февралы) жана контролдук тизмени (2020-жылдын 8-марты)  түзүүдѳ  шайлоочулардын санынын айрымасы 2066 шайлоочуну түзгѳндүгү белгиленди. 18 жашка чыккан, баштапкы каттоодон ѳткѳн  ж.б. жарандарды кошуу шайлоочулардын санынын кѳбѳйүшүнүн себеби болду.

Шайлоочулардын тизмесин актуладаштырууда   текшерүү (сотко чейинки аракеттер, кызматтык териштирүүлѳр) жүргүзүлүп жаткан жарандардын категориясындагылар жана/же «шыкалма батирлер» деп аталаган массалык каттоо даректериндегилер ѳзүнчѳ бѳлүнгѳн. Шайлоочулардын тизмесине байланыштуу алар боюнча андан аркы аракеттер текшерүү аяктаганча жана укуктук баа берилгенче токтотулган.