Шайлоолор. Апрель-2020: БШК шайлоолорго даярдык кѳрүүдѳ санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук бюнча чараларды кабыл алууда
18 марта 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык кѳрүү мезгилинде жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугуна кѳмѳктѳшүү максатында тѳмѳндѳгүдѳй чечимдерди кабыл алды:
1. Шайлоо комиссиялары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларында иш-чараларды даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ, ошондой эле идентификациялоону жана добуш берүүнү жүргүзүүдѳ ѳздѳрүн коргоо жана дезинфекциялоо каражаттарын колдонсун жана шайлоочуларга берип турсун, үстүнкү беттерди дезинфекциялоочу каражаттар менен дайыма тазалап турууну камсыз кылсын;
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге, талапкерлерди сунуш кылган саясий партияларга тѳмѳндѳгүлѳр сунушталсын:
- массалык иш-чара, шайлоочулар менен жолугушуу түрүндѳгү үгүт иштеринин үлүшүн азайтуу, ал эми аларды ѳткѳрүүдѳ – катышуучлардын санын чектѳѳ;
- орун-жайларда зарыл санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү жана жолугушууга катышуучуларды дезинфекциялык каражаттар менен камсыз кылуу;
- үгүт иштеринин түрлѳрүн тандоодо басма сѳз, аудиокѳрмѳ жана үгүт иштеринин башка формаларына артыкчылык берүү.
3. КР БШКнын маалымат берүү жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобу, аймактык шайлоо комиссиялары 3 жумушчу күндүн ичинде талапкерлер жана саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын жана басма аянтчасын берүү маселесин иштеп чыксын.
4. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:
- 2 күндүн ичинде КР БШКнын электрондук форматы жана сервизи аркылуу шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана партиялар жѳнүндѳ жарандарга маалымат берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселесин иштеп чыксын;
- шайлоо кампаниясынын бүткүл мезгилине карата аппарат жана тѳмѳн турган комиссиялар үчүн жетиштүү деңгээлдеги зарыл дезинфекциялоо жана антисептикалык иштетүү каражаттарын сатып алууну камсыз кылсын.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
