2020-жылдын 18-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

17 марта 2020

Долбоор

               Өткөрүү датасы:  18 - март 2020-ж.

Убактысы: 12:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. 2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2020-жылдын 12-апрелинине дайындалган Ош шаарынын жана Чүй облусунундагы Токмок шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо  участокторунун схема жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

7. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар жөнүндө

(баяндамачыШаршеналы у. А.,укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

 

8. Ар түрдүү маселелер

 

 

Төрага