БШК шайлоо процесси жѳнүндѳ маалымдоодо ЖМКга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр

12 марта 2020

КР БШКнын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова шайлоо мезгилинде Кыргызстандын  медиа секторундагы реформанын туруктуулугун колдоо боюнча долбоордун расмий  ачылышына  катышты.

Иш чарага ошондой эле КРдагы ЕБнын ѳкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомдоштуктардын жана ЖМКнын ѳкүлдѳрү катышты.

КР БШК тѳрагасы белгилегендей, жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо процессинин маанилүү катышуучулары болуп саналат.

«Шайлоо процессинин укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу биздин ѳлкѳдѳ шайжыйынтыгын чыгаруу аркылуу лоолорду уюштурууда жана ѳткѳрүүдѳ олуттуу жагдай  болуп саналат. Ошондуктан медиа бул багытта зор роль ойнойт. Албетте, шайлоочулар менен талапкерлердин ортосунда шайлоо комиссиялары турат, алар шайлоолорду уюштуруп, добуш берүүнү эсептѳѳ жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу аркылуу добуштарында жарандар кимге артыкчылык бергенин трансформациялайт. Бирок медиа да бул процессте шайлоочу менен талапкердин ортосунда турат. Алар шайлоо процесси жана талапкерлер тууралуу шайлоочуларга маалыматтарды  гана бербестен, ошондой эле жарандардын тандап алуусуна, шайлоо процессинин башталышындагы ой-пикирин ѳзгѳртүүгѳ чоң таасир бере алат. Бул процесстин объективдүү жана анык болушу, ал эми маалыматтардын ѳтѳ калыс берилиши маанилүү. Ошондуктан биз ушул долбоордун ишке ашышы бул сыяктуу бардык милдеттерди чечүүгѳ  жардам берет деп ишенебиз. Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы ѳз ара аректтенүү жана кызматташуу үчүн ар дайым ачык»,-деп белгиледи ал.

         Ушул долбоордун иши медиа тармагында колдонулуп жаткан саясатты реформалоого жана ѳркүндѳтүүгѳ, 2020-жылдын 2023-жылга чейин шайлоо циклин чагылдырууда мамлекеттик органдарды, БШКны, саясий партияларды жана ЖМКны колдоого багытталган.

         Долбоор шайлоо процессин чагылдырууну кесипкѳй жана жооптуу уюштуруу үчүн юридикалык, укуктук жана санариптик коопсуздукту,   мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу ѳз ара аракеттерди камсыз кылууга  багытталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү