2020-жылдын 12-мартта өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11 марта 2020
долбоор
Өткөрүү датасы: 12- марты 2020-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161-токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоору.
(баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. А.Б. Тургуналиеванын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
