2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоодо биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдууларды сатып алууга Япония Кыргызстанга жардам берет

11 марта 2020

2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасында шайлоо процессин колдоо программасы боюнча КРдагы Япония Элчилиги менен  ПРООНдун (БУУӨП) ортосунда алмашуу ноталарына кол кою болду.

Салтанатка КР БШК тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова, МКК тѳрагасы Акын Мамбеталиев, КРдагы Япониянын атайын туруктуу элчиси  Сигэки Маэда, КРдагы ПРООНдун (БУУӨП) туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен катышты.

Нуржан Шайлдабекова 2015-жылдан бери Япония менен ПРООН (БУУӨП) кѳрсѳтүп жаткан колдоону белгиледи.

«Биометиркалык идентификация үчүн 2015-жылы жабдууларды сатып алууда колдоо кѳрсѳтүү Кыргыз Республикасында шайлоолордун аныктыгына, ачык-айкындыгына жетишүүдѳ, атаандаштыкты жана инклюзивдүүлүктү кѳтѳрүүдѳ маанилүү салым болду. 2018-2020-жылдарга КРда шайлоолор жѳнүндѳү мыйзамдарды ѳркүндѳтүүнүн стратегиясына ылайык шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо боюнча маанилүү иш-милдеттер ММК- аткаруу органынан КР БШК- кѳз карандысыз конституциялык органга берилүүдѳ»,- деп белгиледи ал.

            «Мурда алынган жабдуулар бизге жакшы кызмат кѳрсѳттү, аларды пайдалануу менен биз мурдагы бардык шайлоо циклдерин,  ошондой эле 2016-жылдагы референдумду ѳткѳрѳ алдык. Бүгүнкү күндѳ идентификациялоо процессин толук кандуу аткара албай калган жабдуулардын бир бѳлүгү мамлекеттик органдарда пайдаланылып жатат»,- деди Нуржан Шайлдабекова.

Каражаттарды натыйжалдуу пайдалануу максатында сатып алынган жабдууларды шайлоолор аралыгында пайдалануу үчүн МККнын балансында калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды, ал эми шайлоо учурунда КР БШК жабдууларды убактылуу пайдалануу үчүн алат, деп белгиледи БШКнын башчысы.

ММКнын тѳрагасы Акын Мамбеталиев ошондой эле КР Президенти тарабынан аймактарды ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо алкагында жарандарды идентификациялоо процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуунун маанисин белгилѳѳ менен ѳнѳктѳштѳргѳ ѳз учурунда кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү