Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү
11 марта 2020
2020-жылдын 11-мартында Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Мамытбеков Айбек Корошбекович шайланды. Ал райондук мамлекеттик администрация тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жалгыз талапкер болгон.
Бардыгы болуп Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүндѳ 11 депутат бар. Катышкандар – 9. Баары I турда бир добуштан «макул» деп добуш беришкен.
