Миграция боюнча эл аралык уюм жана ПРООН (БУУӨП) чет ѳлкѳлѳрдѳгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоолорго катышуусун активдештирүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринде БШКга кѳмѳк кѳрсѳтѳт

06 марта 2020

   Миграция боюнча эл аралык уюм жана ПРООН (БУУӨП) чет ѳлкѳлѳрдѳгү  Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоолорго катышуусун активдештирүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринде БШКга кѳмѳк кѳрсѳтѳт.

   Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын БШК тѳрагасы Н.Шайлдабекова менен  КРда миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) офисинин башчысы жана  ПРООНдун (БУУӨП) ѳкүлдѳрү менен болгон жолугушууда билдирилди. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТИМ жана МКК ѳкүлдѳрү катышты.

  2018-2020-жылдарга шайлоолор жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КР мамлекеттик органдары тарабынан чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашаган жана жүргѳн КР жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынды. БШК жумушчу тобунун планында бул маселе боюнча чет ѳлкѳлѳрдѳгү жарандар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн БШК, ТИМ, МКК ѳкүлдѳрүнѳн медомстволор аралык топтордун Россияга, Казакстанга ж.б.  баруусун уюштуруу каралган.

         Чет ѳлкѳлѳрдѳгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин арасында,  анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн атайын каражаттарды пайдалануу менен аудио-видео роликтерин даярдоо жана жайылтуу, КР мамлекеттик органдарынын расмий сайттарында шайлоо тематикасы боюнча чет ѳлкѳлѳрдѳгү жарандар үчүн атайын барактарды ж.б. түзүү каралган.

    Жолугушууда ошондой эле шайлоо процессине аялдардын активдүү катышуусу боюнча атайын иштерди жүргүзүүнүн мааниси баса белгиленди.

   Миграция боюнча эл аралык уюмдун ѳкүлү анык жана жеткиликтүү маалыматтарды жайылтуунун ѳзгѳчѳ маанилүүлүгүн жана зарылдыгын, ошондой эле чет ѳлкѳлѳрдѳгү кыргызстандыктар үчүн окутуу вебинарларын ѳткѳрүүнүн актуалдуулугун баса белгиледи.

КР ТИМ ѳкүлү шайлоолор жѳнүндѳ КР мыйзамына ылайык, КР аймагынан сырткары жашаган же жүргѳн шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу жана добуштарын саноо үчүн КР ТИМ сунушу боюнча чет ѳлкѳлѳрдѳ КР дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн, консулдук мекемелеринин жана КР маморгандарынын ѳкүлчүлүктѳрүнүн аймактарында аккредатциялаган ѳлкѳлѳрдүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча шайлоо участкалары түзүлүшү мүмкүн экендигин маалымдады.Ушуга байланыштуу 2020-жылга КР ЖК дептуттарын шайлоодо шайлоо участкаларынын саны кѳбѳйтүлѳт.  Эгерде 2017-жылы КР Президентин шайлоодо 26 ѳлкѳдѳ КР аймагынан тышкары 37шайлоо участкалары ачылса, ал эми 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоодо 28 чет ѳлкѳдѳ 45тен кем эмес шайлоо участкаларын ачуу пландаштырылууда.

  ММК ѳкүлү тарабынан Кыргызстанда жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана чет ѳлкѳлѳрдѳ КР жарандарын консулдук эсепке коюу боюнча автоматташтырылган иштер боюнча ТИМ менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

  БШК тѳрагасы эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн дарегине  алдыда болуучу  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында чет ѳлкѳлѳрдѳ  убактылуу жашаган жана жүргѳн КР жарандары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр экендиктерине ыраазчылык билдирди.

     2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндѳ чет ѳлкѳлѳрдѳ жашап жаткан же жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунун шарттары жана ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча КРда шайлоо системасынын эл аралык фондусунун ѳкүлчүлүгү менен кызматташтыкта БШК тарабынан даярдалган роликтер менен тѳмѳндѳгү шилтемеден таанышса болот:


кыргыз тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=bY5o_xUFmNw&has_verified=1
орус тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=t1WeDspMKeU

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү