Эл аралык 8-Март майрамыңыздар менен!

07 марта 2020

         Урматтуу айымдар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Аялдардын эл аралык күнү – 8-март майрамыңыздар менен ак дилден куттуктайт.

Кадырлуу кесиптештер, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!

Биздин бүгүнкү демократиялык  коомдо саясий процесстин ѳнүгүүсүнүн кѳрсѳткүчү болгон  мыйзамдуу жана ачык-айкын шайлоолорду ишке ашырууда сиздердин ролдун маанилүү экендигин белгилегибиз келет.

Шайлоочулардын ишеними мыйзамдуулук  принциптерине, ачык-айкындыкка жана калыстыкка негизделген сиздердин ишмердигиңиздерге байланыштуу.

Шайлоо мыйзамдарын жүзѳгѳ ашыруудагы сиздердин талыкпаган  эмгеңиздерге, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууда жарандык жоопкерчилигиңиздерге жана аяр мамилеңиздерге ыраазычылык билдиребиз.

Ар бириңиздерге талыкпаган кубат-дем, жигердүү ишкердик, туруктуу жана бакубат турмуш, үй-бүлѳңүздѳр менен бирге чың ден-соолук  каалайбыз. Жадыраган жаз майрамы Сиздердин турмушта эң сонун башталыштардын күбѳсү болсун!

КР БШК