Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

06 марта 2020

           Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суушаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 4-мартындагы № 128 буйругу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэри Козубаев Кутугали Колчакович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.​​​​​«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 25-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.​​​

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.​​​

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

​4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

                           ТӨРАГА                                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-марты
№ 70