БШК жана ПРООН (БУУ ӨП) (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ даярдыкты талкуулашты

06 марта 2020

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.

 

         Жолугушууга ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын тѳрагасы Акын Мамбеталиев  катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндѳ БШКнын башчысы шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

 

         «Реформанын биринчи этабынын жүрүшүндѳ шайлоолордун ачык-айкын жана анык болушун камсыз кылууга жетише алдык. КР БШК бүгүнкү күндѳ 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүүнүн стратегиясын жүзѳгѳ ашырып жатат, ал реформанын биринчи этабын ишке ашырууда туруктуулукту камсыз кылуу аркылуу пайда болгон мүчүлүштѳрдү четтетүү менен шарталган» - деп белгиледи ал.

 

         Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен Кыргызстан 2015 жана 2017-жылдары анык, таза шайлоолорду ѳткѳрүү менен шайлоо процессиндеги инклюзивдүүлүктү жогорулатууда прогресске жетише алгандыгын белгиледи.

 

         «БУУнун ролу жалпыга  таанылган эл аралык стандарттарга ылайык таза шайлоолорду ѳткѳрүүнү кѳздѳѳдѳ КР мамлекеттик органдарына кѳмѳк кѳрсѳтүү, ошондой эле Кыргызстанда демократиялык шайлоолорду ѳткѳрүүнүн туруктуу потенциалын түзүүгѳ салым кошуу болуп саналат. Кыргызстан шайлоо процессинде алдыңкы технологияларды колдонуу менен, аны ѳркүндѳтүүдѳ Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн ичинде лидер болуп саналат. Бул, албетте, шайлоо процессине жана шайлоолордун жыйынтыгына шайлоочулардын ишенимин жогорулатууга кѳмѳктѳшүүдѳ.» - деп белгиледи ал.

 

Чемберлендин сѳзү боюнча, 2020-жылдагы парламеттик шайлоого даярдык кѳрүүнүн алкагында Кыргызстан шайлоо системасында жетишилген ийгиликтердин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ушул эле нукта ѳз ишин улантат деген чоң ишеним бар.

 

         ПРООНдун КРда эки жолку баа берүү миссиясынын (2019-жылдын 17, 20-сентябры, 2019-жылдын 26-ноябрынан 6-декабры), ошондой эле БШК жана КР мамлекеттик органдарынын ѳкүлдѳрүнүн ПРООНдун ѳкүлдѳрү менен  бир нече жолку жумушчу сүйлѳшүүлѳрүнүн жана консультацияларынын жыйынтыктары боюнча жакынкы учурда кол коюлууга тийиш болгон документтин долбоору даярдалган.

 

         Долбоор ѳзүнѳ тѳмѳндѳгү үч компонентти камтыйт:

 

1) шайлоо учурунда шайлоочуларды идентификациялоо боюнча иш-милдеттерди аткаруу органынан  - МККдан кѳз карандысыз органга - БШКга ѳткѳрүп берүүнү колдоо. Атап айтканда , ПРООН идентификациялоо үчүн жабдууларды жаңылоо, ошондой эле жабдууларды пайдаланууга персоналдарды окутуу маселесинде МККга кѳмѳмк кѳрсѳтѳт;

 

2) шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу – шайлоо процессине жарандарды тартууну жогорулатуу боюна чараларды колдоо. Ушул компоненттин алкагында БУУнун тутумундагы миграция боюнча эл аралык уюм , БУУнун түзүмүндѳгү -Аялдар ж.б. сыяктуу уюмдар менен тыкыс байланышта кеңири маалымат кампаниясынын планын иштеп чыгуу алдыда турат. Бул жарандардын айрым категорияларын -ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектүүлүү адамдарын, чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган жарандардын, аялдардын жана жаштардын шайлоолорго катышуусун жогорулатууга багытталган;

3) шайлоолордун коопсуздугу – шайлоолорду тынчтык жол менен ѳткѳрүү процессин колдоо жана шайлоо процессинин жүрүшүндѳ  коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мүмкүн болуучу чыр-чатактуу кырдаалды басаңдатуу мүмкүнчүлүгүнүн механизимин күчтѳндүрүү.

 

         Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КР БШКнын, ПРООНдун ѳкүлдѳрүнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлдѳрү менен кийинки биргелешкен жолугушуусунда ушул долбоорду, анын ичинде болжолдуу бюджетти, ошондой эле башка техникалык жана уюштуруу маселелерин ишке ашыруунун болочок контурун талкуулоо чечилди.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү