2020-жылдын 6-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

05 марта 2020

долбоор

 

                                                                                              Өткөрүү датасы:  6- марты 2020-ж.

                                                                                              Убактысы: 15:00

                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

 

1. 2020-жылы 28-февралда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. «2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум  өткөрүү  боюнча   борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21 февралындагы № 60 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

4. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

            5.  Ар түрдүү маселелер.

 

ТӨРАГА