Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады
03 марта 2020
КР БШКнын 2020-жылдын 11-февралындагы № 34 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерине депутаттарды кезектеги шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2020-жылдын 2-мартында шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү аяктады.
22 саясий партия тѳмѳндѳгү беш шаардык кеңештин депутаттыгына ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин кѳрсѳтүштү:
- Ош шаардык кеңешине – 9 саясий партия («Эмгек», «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «КЛДП», «Биримдик (Единство)», «Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Бирик»);
- Майлуу-Суу шаардык кеңешине – 7 саясий партия («Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Биримдик (Единство)»);
- Балыкчы шаардык кеңешине – 11 саясий партия («Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик (Единство)», «Ата-Журт», «Кыргызстан», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы»);
- Каракол шаардык кеңешине – 14 саясий партия («Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Бирик», «Замандаш», «Биримдик (Единство)», «Уулу-Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Акшумкар», «Улуу Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы», «Республика», «Табылга», «КЛДП», «Кыргызстан жашылдар партиясы»);
- Токмок шаардык кеңешине – 9 саясий партия («Биримдик (Единство)», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Афганистандагы согуш ардагерлеринин жана башка локалдуу согуштук чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «КЛДП»).
Шайлоого бардыгы болуп 22 партия катышууда. Анын ичинен тѳрт партия беш кеңешке кѳрсѳтүшкѳн. Алар -"Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Биримдик", "Кыргызстан".
Тѳрт партия – «Улуу-Журт», «КЛДП», «Эмгек», «Замандаш» үч шаардагы шайлоолорго катышат.
«Бирик», «Ата-Мекен», «Табылга», «Мекен Ынтымагы» партиялары эки шаарга талапкерлерин кѳрсѳтүшкѳн.
Ал эми дагы 10 партия бир гана шаарга кѳрсѳтүшѳт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди алган күндѳн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү тартиби мыйзамдын талаптарына ылайык экендигин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алат же болбосо баш тартуу тууралуу жүйѳлѳштүрүлгѳн чечим чыгарат.
Мындай текшерүү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык ѳз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да ишке ашырылат. Мындай учурда эгерде шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн жолтоо болуп саналган документтердеги ылайык келбѳѳнү таап чыкса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол ылайык келбѳѳ боюнча саясий партияга билдирүүгѳ милдеттүү. Саясий партия билдирүүнү алган учурдан тартып 48 саттын ичинде тийиштүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгѳ укуктуу.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоолор күнүнѳ чейин 30 календардык күн калганда, 2020-жылдын 13-мартына чейин аяктайт
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
