БШК Ош шаарында саясий партиялар үчүн семинар өткөрдү
26 февраля 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарында партиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү үчүн каттоо, каржылоо, үгүт жана укук маселелери боюнча семинар өткөрдү.
БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова катышуучуларга шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоого катышуунун негизги принциптери жөнүндө айтып берди.
“Мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук иштин башкы принциптери болууга тийиш. Ошондуктан БШК шайлоого катышуучу партиялардын программаларын өз сайтына жайгаштырууну демилгеледи. Андан тышкары, каржылоонун, шайлоо фондуларын ачуунун жана жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилди”, деп айтты ал.
Талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо, үгүт эрежелери, шайлоо талаштарын кароо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
