КР БШК 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Нарын облусунун жергиликтүү кеңештерин шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
21 февраля 2020
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Коңорчок, Баетов, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 12 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Коңорчок айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Баетов айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 8и аялдар үчүн резерв) 4 округ, Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Түгөл-Сай айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ,Таш-Дөбө айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Чоң-Дөбө айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
