КР БШК Жалал-Абад облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти

21 февраля 2020

2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын бирдиктүү шайлоо округунун, ошондой эле Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Тогуз-Торо районунун Атай  жана Көк-Ирим айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.

Бардыгы 11 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын бирдиктүү 1 округу, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 9у аялдар үчүн резерв) 6 округ, Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв)  2 округ,  Көк-Ирим айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 5өө аялдар үчүн резерв)  2 округ бекитилди.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү