КР БШК Ош облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти

21 февраля 2020

2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Ош облусунун Ош шаарынын, Алай районунун Коңур-Дөбө, Будалык айылдык кеңештеринин, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинин,  Өзгөн районунун Алын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештеринин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.

Бардыгы 25 шайлоо округу бекитилди:

 1 округ Ош шаарында (45 мандат, анын ичинен 14ү аялдар үчүн резерв);

2 округ Алай районунун Будалык  айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 5өө аялдар үчүн резерв);

2 округ Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 7өө аялдар үчүн резерв);

2 округ Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 8и аялдар үчүн резерв);

2 округ  Өзгөн районунун Алын-Булак айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв);

5 округ Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 9у аялдар үчүн резерв);

3  округ Араван районунун Нурабад (21 мандат, анын ичинен 8и аялдар үчүн резерв);

6  округ Араван районунун Тепе-Коргон айылдык (31 мандат, анын ичинен 12 аялдар үчүн резерв);

3  округ Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык (21 мандат, анын ичинен 7өө аялдар үчүн резерв).

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү