Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларында шайлоонун жүрүшүндө бузууларга Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор иштейт

22 февраля 2020

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн КР БШКда жана 19 АШКда Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) иштейт.

1. ЫЧКТнын негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр:

- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;

- көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

2. ЫЧКТ аймактык шайлоо комиссияларында укук коргоо органдарынын – ИИМдин, УКМКнын тиешелүү аймактык деңгээлдериндеги өкүлдөрүнөн, ошондой эле прокуратура органдарынын мыйзамдуулукка көзөмөлдүк жүргүзгөн өкүлдөрүнөн түзүлөт.

3. ЫЧКТ төмөнкү милдеттерди аткарат:

- шайлоо мыйзамдарын бузуулардын фактылары боюнча шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъектилеринен түшкөн кайрылуу, арыз, даттанууларды, ЖМК жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ыкчам талдоо;

- ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмин талкуулоо жана иштеп чыгуу; зарыл чара көрүү жөнүндө (өз компетенциясынын чегинде укук коргоо органдары жана башкаруу түзүмдөрү) ыкчам тапшырмаларды берүү;

- шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин кайрылуу, арыз, даттанууларында баяндалган маалыматтын (билдирүүнүн) жана фактылардын аныктыгын кийинкиге калтырбастан текшерүү, кароо жана чечим кабыл алуу үчүн түшкөн билдирүүлөрдү жана маалыматты тиешелүү органдарга жиберүү;

- бузуулар менен иштөөнүн абалы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга ар кыл тариздерде үзгүлтүксүз маалымдап туруу;

- коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле шайлоочуларды сатып алууга, жарандардын шайлоо укуктарын же шайлоо комиссияларынын ишин бузган аракеттерге бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктардын алкагында чара көрүү жөнүндө түшкөн билдирүүлөр боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.

Бузуулар жөнүндө 1255 кыска номуруна, 0312 62-62-46 ишеним телефонуна, 0990021255 WhatsAppка чалса же kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дарегине билдирүү жиберсе болот.

Жакын арада ЫЧКТ 12-апрелге жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган шаарларда шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жана жарандарды эсепке коюуну талдоонун жыйынтыктарын, көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты карайт.

 

Маалымат үчүн: ЫЧКТны түзүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинде бекитилген: “Шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет”. ЫЧКТнын иш тартиби КР БШК тарабынан аныкталат.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү