КР БШК Чүй облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
21 февраля 2020
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Чүй облусунун Токмок шаарынын бирдиктүү шайлоо округунун, ошондой эле Ысык-Ата районунун Милянфан, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 4 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Чүй облусунун Токмок шаарынын бирдиктүү 1 округу, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
